ӨКМ: Чүй облусунда 420 миң чарчы метр аянт залалсыздандырылды
Новость KTRK/videograp

Чүй облусунда 420 миң чарчы метр аянт залалсыздандырылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгы тарабынан 420 миң чарчы метр имараттардын сырты, 800 чарчы метр имараттардын ичи жана 63 миң 400 погондук метр унаа жолдору дезинфекцияланган. Ага жалпы 425 кг хлор сарпталган. 

Жалпы 8 техника жана 27 кызматкер тартылган. Коронавирустун жайылуусун алдын алуу максатында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери тарабынан дезинфекциялоо жана түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.