Кыргызстанда коронавирус дагы 163 адамдан табылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.
Ооруга жаңы чалдыккандардын токсон төртү Бишкекте катталды. Чүйдө 22, Ош облусунда 9, Ош шаарында 16, Жалал-Абадда 13, Нарында 7, ал эми Талас менен Баткен облустарында бирден учур катталды. Ушуну менен өлкөдө бул илдетке кабылгандардын жалпы саны 3 жарым миңден ашты. Алардын 2064ү сакайды. Соңку суткада вирус дагы бир адамдын өмүрүн алды.