Эпидемиологиялык абалга жараша социалдык обочолонуу режимин сактоо маанилүү
Новость KTRK/videograp

"Бишкек жана Чүй облустарындагы медициналык мекемелерге жарандардын кайрылууларынын кескин өсүүсү кошумча коопсуздук чараларын күчөтүүнү талап кылат". Мындай пикирин Республикалык ыкчам штабдын жыйынында биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков билдирди. 

Анын айтымында, коомчулук тарабынан колл-борбордун линиясы бош болбой жатканына, ыкчам бригадарлардын, тез жардам кызматынын келишин күтүү боюнча нааразычылык айтылууда. Бул боюнча медициналык кызматтар, саламаттык сактоо мекемелери тарабынан кызмат көрсөтүү үчүн бардык мүмкүн болгон чаралар көрүлүп жатат. Республикалык штаб санитардык эрежелерди сактоонун жана мүмкүн болсо коомдук жайларга жана адам көп топтолгон жерлерге барбоонун маанилүүлүгүн белгиледи. 

Мындан тышкары жарандарга мүмкүндүгүнө жараша бара турган жерлеринин, убактысын түзүп алуу сунушталат. Бул эпидемиологиялык териштирүү жүргүзүүгө көмөк берет.