Көл жээгин таштандыдан арылтуу иш-чарасы Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде Тамга айыл аймагынын тургундары тарабынан уюштурулду.
Акцияга айылдын эки жүздөн ашык тургуну чыгып, жалпы жыйырма чакырымдан ашык көл жээги болгон таштандыдан тазаланды. Айыл тургундары белгилегендей Ысык-Көлдүн жээгин таза кармоо боюнча ар бир үч ай сайын ишембиликтер уюштурулуп турат. Бирок ары бери өткөн жүргүнчүлөрдөн, башка аймактардын тургундарынан абдан көп таштанды калат. Бул ирет уюштурулган иш чарада жалпы жыйырма чоң унаа менен таштанды чыгарылды.
"Жалпы эле элдерге айтып кетет элем, тазалыкты сактасак. Туристтер келгенде деле жакшы оййдо калышса. Эми мындай демилге ар бир квартал сайын өтүп турат. Биздин айыл үлгүлүү айылдардын катарына кирип калды. Жаштар ар дайым ушундай демилгени көтөрүп турушат, кандай иш чара болбосун ар дайым колдоо алабыз алардан",- деди Тамга айылынын тургуну Изат Тентимишов.
"Көлдүн жээгиндеги ишембилик абдан чоң деңгээлде өттү. Мурда буга чейин мекеме, ишканалардын кызматкерлери гана чыкса, бул жолу айыл тургундары өздөрү баштап чыгышты. Буга Орус, Татар тургундарыбыз да чыгышты. Жалпы бир 20 машина таштанды чыгарылды. Азыр турист тосуп алууга даярбыз",- деди Жети-Өгүз районундагы Тамга айыл аймагынын башчысы Адилет Дүйшөмбиев.