POST1RIGHT Россиянын Москва шаарында бүгүн УАМ согуштун 75 жылдыгына арналган салтанаттуу парад өттү. Иш чарага катышуу үчүн Кыргызстандан Президент Сооронбай Жээнбеков баштаган делегация Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен барды. Делегация курамы Москва шаарына келери менен Совид -19 илдетине кайталап тапшырылган анализдин жыйынтыгында делегация курамындагы 2 адамдан илдет бар экендиги аныкталды.
Буга байланыштуу Президент Сооронбай Жээнбеков УАМ согуштун 75 жылдыгына арналган иш-чараларга катышкан жок. Кыргыз армиясынын жоокерлери параддан өттү. Ата-бабаларыбыздын майтарылбас эрдиги менен каармандык жеңишин даңазалаган майрамдык салтанаттын жүрүшүнөн кабарчыбыз билдирет.