Коронавирус али жеңиле элек. Айрым өлкөлөрдө илдетке чалдыккандардын саны басаңдаган жок. Бул өлкөлөрдө вирустун экинчи толкунунун коркунучу жогору.
Азыркы тапта Германиянын Гютерсло шаарында абал кооптуу бойдон калууда. Анда жергиликтүү эт комбинатта коронавирустун жайылышынан кийин 360 миң тургуну бар эки аймакта кайрадан карантин киргизилди. Германияда илдетке чалдыккандардын саны кыйла өсүп, акыркы 24 сааттын ичинде 587 жаңы учур катталды. Дарыгерлер коронавирустун очогуна айланган Түндүк Рейн-Вестфалияда ооругандар көп болуп жаткандыктан илдет Германиянын башка аймактарына кайрадан жайылып кетиши мүмкүн деп кооптонууда.
Европа өлкөлөрүнүн ичинен коронавирустан эң көп жабыркаган Италияда бир күн ичинде 122 жаңы учур катталды.
Ал эми Португалияда чектөө чаралары алынгандан кийин, илдетке чалдыккандардын саны кайра көбөйдү. Бир сутка ичинде болжол менен 300 адамдан вирус аныкталды. Алардын көпчүлүгү Лиссабон шаарында катталган.
Британиялык эксперттер коронавирустун экинчи толкунунун коркунучу жогору экенин эскертүүдө. Буга чейин өлкөнүн премьер-министри Борис Жонсон карантиндик чектөөлөр алынарын жарыялаган. Бирок эксперттер менен дарыгерлер эпидемия кайрадан күчөп баратканын айтышууда.
Ал эми Хорватия коронавирустун кескин көбөйүшүнө байланыштуу Балкан өлкөлөрүнүн жарандары үчүн чек арасын жапканын жарыялады. Эсиңизде болсо буга чейин белгилүү спортчу Новак Жокович уюштурган теннис боюнча мелдеште бир нече катышуучудан коронавирус табылган болчу.
Айрыкча Бразилияда кырдаал оор. Айрым шаарларда чектөө чаралары кайрадан киргизилди. Эки жуманын ичинде COVID-19дан каза болгондордун саны дээрлик үч эсеге көбөйдү.
Кытайда вирустун экинчи толкуну болуп кетүү коркунучунан кийин үч миллиондон ашык адам тест тапшырды. Акыркы сутка ичинде 19 жаңы учур катталды. Алардын көпчүлүгү Пекин шаарында жана “Синьфади” дүң соода базарынан жуктуруп алгандар. 11-июндан бери аталган шаарда 269 адамдан коронавирус аныкталды. Азыркы тапта көптөгөн өлкөлөрдө мектептер, бала бакчалар жана музейлер кайрадан жабылды.