Жакында эле Президенттин Аппаратынын 8 кызматкеринен коронавирус инфекциясы аныкталгандан кийин, бардык кызматкерлер илдетке карата анализ тапшырышты. Алардын жыйынтыгы боюнча дагы 9 кызматкерден, анын ичинде Аппарат жетекчиси Досалы Эсеналиевден дагы коронавирус инфекциясы бар экени тастыкталды.