Коронавирус: эпидемиянын эпкини күчөдү - Кыргызстан жаңылыктары
Новость

Бүгүнкү күнгө карата инфекцияны жугузган жаңы 235 учур катталды. Кечээ болсо бул сан үч жүздөн ашкан болчу. Узаган аптада эпидемилогоиялык абал өтө курч сакталды. Күнүнө аныкталгандар эки жүздөн арбын чыгып жатты. 

Эң өкүнүчтүүсү жаңы учурлардын тең жарымына жакыны кайдан жугузуп алганын билбегендер жана бардыгы ооруп жаткандар менен байланышта болгондор. Мурдагыдай сырттан келген учурлар өтө аз болууда. Өзгөчө Бишкек шаарында абал татаал. Бул илдеттин шаар аралап жайылып жатканынан кабар берет дешет дарыгерлер.