Акыркы күндөрү коронавируска чалдыккандардын саны тез өсүп, өлкөдө эпидемиологиялык абал кескин начарлады. Өзгөчө жугуштуу илдет Бишкек, Ош шаарларында ылдам жайылууда. Борбордогу №8 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна эле күнүнө алты жүздөн ашык бейтап кайрылып жатат.
Арасында жугуштуу илдетке чалдыккандары бар. Аларды ооруну жайылтпоо максатында дарыгерлер атайын өзүнчө ачылган кызыл бөлүктөн кабыл алып жатышат.