Бишкек шаарына караштуу Ленин райондук ИИБнин шаардык милиция бөлүмүнүн начальниги коронавирустан каза болду. Бул тууралуу анын кесиптештери кабарлашты.
Буга чейин ал Улуттук госпиталда дарыланып жаткан.
Кошумчалай кетсек, каза болгон жаран болгону 36 жашта болгон. Ал атайын аппараттын жардамы менен дем алып жаткан. 29-июнга караган түнү каза болду.