Үй-бүлөбүздүн, жакындарыбыздын, өзүбүздүн жана элибиздин ден соолугу үчүн ар бирибиз жоопкербиз. Инфекция тарап жатканына карабай, айрым мекендештерибиз, аткаминерлер массалык иш-чараларды, тойлорду өткөрө башташты.
Бул улуттун саламаттыгына жана коопсуздугуна жасалган кыянатчылык! Өлкө башчысы парламентте жасаган кайрылуусунда дал ушул маселени козгоп, кыргызстандыктарды жарандык жоопкерчиликке чакырды.