Мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү менен жарандардын жашоосу бир топ жеңилдеди. Айрыкча пандемия учурунда аралыктан кызмат көрсөтүү жакшы жыйынтык берди. Кагаз бюрократиясы жокко чыгарылып, кезек күтүп, ар кайсы мекеменин каалгасын каккылаган учурлар артта калды.