27-июнда УКМК тарабынан диний-экстремисттик уюмдун жашыруун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Нарын облусунун ИИБ менен биргеликте, «Хизбут-Тахрир» ДЭУ аялдар канатынын активдүү мүчөлөрү кармалышты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. POST1RIGHT
Жашаган жерлерин тинтүү учурунда экстремисттик мүнөздөгү китеп, «Хизбут-Тахрир» ДЭУ камтыган материалдарды пропагандалоого, электрондук маалымат алып жүрүүчү (планшет, ноутбуктар, телефон сим-карталар) жана жазуусу бар күндөлүктөр табылып алынды.
Ал материалдар атайын экспертизага жөнөтүлдү.
Аталган факт сотко чейинки өндүрүшкө КР Кылмыш-жаза кодексинин 314-беренесинин 2-бөлүмү (Экстремисттик уюмду түзүү) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Нарын шаардык №24 убактылуу кармоочу жайына ячейканын уюштуруучулары кармалды.
Тергөө жүрүп жатат.