Кыргызстандын жаш окумуштуулары Индияда өтүүчү Конклавга катыша алат
Новость www

Кыргызстандын жаш окумуштууларын Индиядагы ири иш-чарага жиберүү үчүн Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Илим департаменти сынак жарыялады. Ал "Шанхай кызматташтык уюмунун илимий-технологиялык инновация өнөктөштүгүн түзүү. Жаш окумуштуулардын келечеги" деп аталат. Конкурс 14-18-октябрда Хайдарабад шаарында өтөт. 

Сынак жогорку окуу жайлардын жана илимий мекемелердин окумуштуулары арасында уюштурулууда. "Конкурска 40 жашка чейинки академисттер, окумуштуулар, инженерлер, технологдор, инноваторлор, техно-ишкерлер жана стартап-кесипкөйлөр катыша алат. Окумуштуулар сессияда өзүнүн илимий макаласы менен чыга алышат. Анда илимий-техникалык иштер, жаңы идеялар жана иштелип чыккан прототиптер чагылдырылат", — деп айтылат маалыматта. Ал эми катышуу боюнча арыздар 22-июндан 4-августка чейин кабыл алынат. 

Конкурс айыл чарба жана тамак-аш өнөр жайы; туруктуу энергетика жана энергия топтому; биотехнология жана биоинженерия; айлана-чөйрөнү коргоо жана табигый ресурстарды үнөмдүү пайдалануу багыттары боюнча жүргүзүлөт. Конкурска катышкан мыкты талапкерлерди тандоо үчүн министрлик комиссия түзөт.