Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде COVID-19 жуктурган беш адам каза болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.
Республикалык клиникалык ооруканасында – 2 (57 жаштагы эркек киши, 67 жаштагы эркек киши);
Нарын облустук бириктирилген ооруканасынан – 1 (60 жаштагы эркек киши);
Москва аймактык ооруканасынан – 1 (70 жаштагы эркек киши);
Кыргыз-Түрк достук ооруканасынан – 1 (72 жаштагы аял киши).
Жалпы каза болгондордун саны 62 кишини түздү.