POST#RIGHTКыргызстанда коронавирус бир суткада 439 жарандан аныкталып, дагы беш бейтап көз жумду. Ковид-19 илдетинин жайылышы менен бирге өпкөсү кагынып ооругандар да көбөйүүдө. Пневмониядан жабыркагандар үчүн жасалма дем алдыруучу жабдуулар жетишсиз. Ошол эле учурда ооруканаларда кошумча жаңы орундар даярдалууда. Бирок алар тез эле толуп калып жатат. Саламаттык сактоо министрлиги эпидемиологиялык абал начарлап жатканын билдирди.