Акыркы 24 саатта АКШда 48 миңден ашык коронавирус инфекциясы катталган. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазды. Федералдык жана жергиликтүү бийлик органдарынын, ошондой эле ЖМКлардын жана башка ачык булактардын маалыматтарын жалпылаган Жон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, Кошмо Штаттарда COVID-19 инфекциясы менен жалпысынан 2 682 270 учуру аныкталып, 729 994 адам айыгып, 128 288 бейтап көз жумган.
Айтсак, 2019-жылдын 31-декабрында Кытай бийлиги Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү Хубэй провинциясындагы Ухань шаарында белгисиз өпкө илдетинин келип чыгышы жөнүндө маалымдаган.
Адистер бул ооруну козгоочу жаңы коронавирус экендигин аныкташып, кийинчерээк ал расмий түрдө COVID-19 деп аталган. Ал эми 11-мартта Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирусту пандемия деп жарыялаган.