POST1RIGHTЧолпон-Атадагы Раппапорт алеясындагы карыган бак-дарактар кыйылууда. Эски аллеянын ордуна жаңысы курулуп, ал жерге 2 миңден ашык ар кандай көчөттөр отургузулат.
Эске салсак андагы бактарга кеминде 80 жыл болду. Мындай бактар негизи 50 жылга чейин гана жашайт деген адистер, бак-дарактарды жарандардын коопсуздугу үчүн кыйып салууну сунуштаган. Жаңы аллеянын ачылышына аны түптөгөндөрдүн бири жана аты ыйгарылган Леонид Раппопорттун туугандары чакырылат.
Жаңы аллеянын эскизи даяр. Азыркы учурда келечектеги аллеянын көрүнүшүн камтыган долбоор боюнча бардык иштер аткарылды. Жол курулушу бүткөндөн кийин отургузулчу көчөттөрдүн түрлөрү жана сорттору аныкталды. Аллеянын реконструкциясына арналган иш-чарага Раппопорттун туугандары да чакырылмай болууда. Белгилей кетсек, Леонид Раппопорт 1930-жылдары Чолпон-Атадагы жылкы заводун башкарган. 34-жылы өзүнүн аты ыйгарылган ушул аллеяны түптөгөн.