Өлкөдө 1247 киши пневмониядан дарыланууда - Кыргызстан жаңылыктары
Новость www

Учурда өлкөнүн ооруканаларында 1247 киши пневмониядан дарыланууда. Республикалык штабдан билдиришкендей, алардын коронавируска тапшырган анализдери таза чыккан. Бирок өпкөнүн кагынып ооруган дартына кабылгандар бар.POST1RIGHT

Учурда ооруканаларда пневмониядан дарыланып жаткандардын ичинен 337 бейтаптын абалы оор бойдон калууда, 112 киши жандандыруу бөлүмүндө жатат. Өлкөдө март айынан бери 1971 адам пневмония менен ооруканага дарыланууга алынып, анын ичинен 627 киши айыгып чыккан, 97 бейтап каза болгон.