Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы медициналык беткап менен дары-дармектердин бааларын көтөрүп саткан дарыканаларга рейд өткөрүп жатышат. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. POST1RIGHT
Мааалыматка караганда, беткап, дары-дармектердин наркын жогорулатып сатып жаткандар дарыкананын сатуучуларына түшүндүрүү жүргүзүлүп, эскертүү берилүүдө. Каржы полициясы эгер сатуучулар тарабынан бааны жогорулатуу учурлары катталса катуу чаралар көрүлөөрүн эскертет.