“Ысык-Көл облусунан 30 медкызматкер Бишкек шаарына жиберилет”, - деп билдирди КР Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев.
Анын айтымында, медиктер борбор калаадагы кесиптештерине жардам бермекчи.
“Ошондой эле, Бишкек шаарынан пансионаттарды иштөө үчүн 24 медкызматкер келээри күтүлүүдө. Алар менен келишим түзүлгөн”, - деп кошумчалады.