Чүй облусунда пневмонияны дарылоо үчүн 498 орун бар
Новость www

“Бүгүнкү күндө, Чүй облусунда 12 саламаттык сактоо мекемесинде коронавирус инфекциясын жана пневмонияны дарылоо жүрүп жатат.  Алардын ичинен,  4 ооруканада 109 койка-орун даярдалып, учурда 83 бейтап жаткырылган.  Жарандарга тез жана ыкчам түрдө алгачкы жардамды берүү үчүн  ар бир оорукананын алдында стационардык палатка пункттары даярдалган”, - деп билдирди  КР Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн  аппаратынын жетекчиси Гульнура Мамбетисаева. 



Анын айтымында, пневмония дартынын күч алышына байланыштуу 8 саламаттык сактоо мекемесинде 498  койка-орун даярдалган.  3-июлга карата маалыматка ылайык,  жалпы 462 бейтап жаткырылган.  



“Кошумча койка-орундуктарды даярдоо боюнча активдүү иш жүрүп жатат. Медициналык пероналды зарыл болгон медициналык жабдуулар менен камсыздап, шарттарды түзүү боюнча  иштеп жатабыз. Жакын арада, дагы кошумча 404 койка-орун даярдалат”, - деп кошумчалады.