Соңку күндөрү коронавирус Калифорнияда тездик менен жайылууда. Буга байланыштуу Калифорния штатынын губернатору Гэвин Ньюсом бир катар аймактардагы ресторандардын, кинотеатрлардын, зоопарктардын жана музейлердин ички бөлмөлөрүн колдонбой турууну эскертти. Ачык абада гана иштөөгө уруксат берилген. Буйрук штаттын 72% калкын камтыган 19 округка тиешелүү. Ошондой эле штат тургундарына эл көп топтолгон жерлерден оолак болуу, беткап кийүү жана социалдык аралыкты сактоо сунушталган.
Эскерте кетсек, пандемия башталгандан бери Калифорнияда жалпысынан 220 миңден ашык адам короновирустук илдетине чалдыккан, анын ичинен 5980 бейтап көз жумган.