Кыргызстанда бир сутка ичинде 59 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты.
Өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдиргендей, Бишкек шаарынан 37, Чүй облусунан 3, Ош облусунан 2, Ош шаарынан 5, Нарын облусунан 1, Жалал-Абад облусунан 7, Талас облусунан 1, Баткен облусунан 2, Ысык-Көл облусунан 1 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды.
Республика боюнча бүгүнкү күнгө карата жалпы 2714 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Акматова кошумчалагандай, ооруканадан чыгарылгандардын кайталап алынган анализдери терс болуп чыккан.