Бишкекте курч респиратордук вирустук инфекция жана пневмониянын жеңил жана орто формасы менен ооруган бейтаптарды дарылоо үчүн атайын 4 борбор ачылат. Мында ошондой эле капельница дагы алса болот. Белгиленгендей, борборлор саатына 700 бейтапты тейлейт. Убактылуу стационарлар борбор калаанын төрт районунда ачылат.
Убактылуу борборлорду ачуу боюнча иштер Премьер-министр Кубатбек Бороновдун тапшырмасы боюнча жүрүүдө. Бүгүнкү күндүн соңуна чейин бардык даярдоо иштери аякташы керек.
Бишкектеги убактылуу борборлор төмөндөгү даректер боюнча ачылат:
1. Ленин району – «Газпром» Дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплекси;
2. Биринчи май району – Спорт сарайы;
3. Свердлов району – Р.Санатбаев атындагы Дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплекси;
4. Октябрь району – чиркөөнүн жанындагы наабайкананын имараты (Магистраль боюнча).