Эгерде сиздерде ОРВИнин же пневмониянын белгилери бар болсо, Бишкек шаарынын күндүзгү стационарларга 8.00дөн 20.00гө чейин кайрылсаңыздар болот. Ал жерде дарылоочу дарыгерлер жана дары-дармек сатып алуу үчүн дарыканалар бар, биздин медайымдар сиздерге дары тамчылатма (капельница) коюп же укол сайып беришет.
Бүгүнкү күнү шаарда 9 күндүзгү стационар төмөнкү даректер боюнча иш жүргүзүп жатат:
Ленин районунда:
- «Газпром» спорткомплекси, Токонбаев -Чортекова – 120 орун;
- № 68 гимназия мектебинде – 30 орун (Токтогул көчөсү- Уматалиева кесилишинде)
- «Арал» кафесинде – 50 керебет-орун (Дэн Сяопин көчөсү, 199)
Свердлов районунда:
- Ратбек Санатбаев атындагы ФОК, Восток - 5 кичирайонунда – 150 орун;
- № 94 орто мектепте – 50 орун («Дордой» конушунда)
Октябрь районунда:
- «Бишкекпекарня» муниципалдык ишканасында, 12 кичирайондо, церковтун жанында – 200 орун;
- «Сейтек» мектебинде – 50 орун (Анкара көчөсү, 1/10 Алатоо университети)
Биринчи май районунда:
- № 83 орто мектепте, Кудайберген базарынын жанында – 50 орун (Патрис Лумумба көчөсү, 9)
- К.Кожомкул атындагы спорт сарайда – 150 орун.