Коронавирус аба аркылуу жугушу мүмкүн
Новость www

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирус аба аркылуу жугушу мүмкүн деген пикирлерге кошулду. Мындай маалыматты уюм бир катар окумуштуулардан Covid-19 вирусунун алдын алуу сунуштарын жаңыртууга чакыргандан кийин жарыялады деп «Reuters» басылмасы жазды. 

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун коронавирус боюнча техникалык директору Мария Ван Керхове коронавирус аба аркылуу тарашы мүмкүн дегенге кошулабыз, бул ооруну жуктуруун бир жолу деп эсептейбиз-деди. 

Уюм респиратордук ооруну козгогон COVID-19 вирусу негизинен инфекция менен ооруган адамдын дем алуу органдары аркылуу абага тарай турганын билдирди.