9-июлга карата дүйнө жүзүндө COVID-19 илдети менен жабыркагандардын саны 12 миллион 7 миң кишиден ашты. Анын ичинен 6,5 миллиондон ашык бейтап оорудан сакайып, илдетти жеңип чыкты.
Оорудан 548 800 адам каза болду. АКШда коронавирус менен жабыркагандардын саны 3 миллиондон ашып, каза болгондор - 132 256га жетти.
Ал эми Бразилияда коронавирусту 1 миллион 713 миң адам жуктуруп алса, каза болгондордун саны 68 миңге жакындады. Андан кийинки орунга Индия чыгып, бул өлкөдө 742 миңден ашык адам вируска кабылды. 20 миңден ашыгы каза тапты.