Бак-дарактарга түшкөн курттар шаардыктарды тынчыздандырууда
Новость KTRK/videograp

Жай мезгили башталбай жатып эле Бишкектеги бак-дарактар четинен саргайып, жалбырактары күбүлө баштады. Учурунда чет жактарга жашыл шаар деп атагы чыккан ордо калаага эмне болду. 

Жыл сайын эрте жазда Бишкектин эс алуу жайлары менен көчөлөрүнө гүлдөр отургузулуп, көчөттөр тигилет. Бирок учурда шаардагы дарактардын көбү четинен куурап, сейил бактар саргарып бара жаткандай. Мунун эң башкы себеби эле аларга жакшы кам көрбөгөндүк.

Бишкектеги бир катар бак-дарактуу жайларга күбө курту түшүп, жалбырактары мөөнөтүнөн мурда саргайып жатканына шаардыктар тынчсызданууда. Коомдук биринчи каналга кайрылган жарандар, Бишкек мэриясын шаардагы эмен багын сактап калууга чакырып, атайын акция өткөрүү керектигин билдирүүдө.POST1RIGHT
Экологдор белгилегендей, жылыга жаз келген сайын, ар бир бакка көңүл буруп туруу керек. Мисалы топурактагы зыяндуу заттардан сактоо үчүн, бакты кеминде бир метрге чейин акиташ менен актап чыгуу керек. Ал эми сабактарын жана жалбырагын ар кандай зыянкечтерден коргоо үчүн, ар кандай дарыларды чачылат. “Зеленстрой” ишканасы болсо, бул жылы бир дагы бакка эч кандай дары чачкан жок. Мунун себебин алар Улуттук илимдер академиясынан эч кандай көрсөтмө болгон жок деген жүйөө менен түшүндүрүүдө.

Бишкектин чок ортосундагы Абдрахманов жана Ахунбаев көчөсүндөгү эмен багы. Сейил бакты аралабай туруп, сыртынан караган адамга дароо эле дарактардын саргарып түшкөн жалбырактары көрүнөт. Эч ким алардын оорусун текшерип кам көрбөгөндөн кийин, тургундардын зээнин кейитип абалы көңүл бурууга муктаж болуп турат.

Күз келгендей көрүнүш суу жетпегенден болуп жатат дейин десең буга чейин кудайдын куттуу күнү жамгыр жаап, тажаткандай эле болду. Дарыяларга суу адаттагыдан эки эсе келип жатканы деле буга күбө. Адистер белгилегендей Кыргызстандын жүзү болгон Бишкек шаары, "жашыл шаар" статусуна жооп бериш үчүн, жазында ишембиликке чыгып коюу менен гана унутулуп калбашы керек.

Улуттук илимдер академиясынын Токой чарба жана токойду коргоо иштери боюнча лабораториясынын адистери шаар тургундарынын ден соолугуна коркунуч келтирүүчү, кымбат дары-дармектерди колдонуунун азырынча кажети жок экенин белгилешүүдө. Ал ортодо ордо калаабыз акырындык менен саргайып, жалбырактары күзгө жетпей эле күбүлүп калчудай.