Наргиза Сыдыкова өлкөдөгү кырдаалды көрүп четте карап турбастан өз ыктыяры менен кол кабыш кылууга келгенин айтат. Учурда ал медициналык кызматкерлерге жеткирилип жаткан тамак-аштарды координациялап жатат. Иштин тактыгы үчүн канча жана кимге тамак-аш жетип жактаны боюнча атайын таблица да түзүлгөн.
Платформага дарыгерлер да өз билдирүүлөрүн калтыра алат.
Маалыматтык база иштей баштагандан бери порталга дарыгерлерден ар кандай багыттагы 150дөн ашык кайрылуу келип түшкөн. Анын 60 пайызынан көбү чечилди. Ыктыярчылар социалдык тармактарда координациялык борбордун ишин жигердүү жайылтып жатышат.
“Бирге” платформасы чогулган дары-дармек, тамак-аш, медициналык коргоочу каражаттарды бирдей бөлүштүрүү үчүн түзүлдү. Ыктыярчылардын бул демилгеси дарыгерлерге да жагып жатат. Себеби зарыл болгон каражаттар менен ылдам камсыз болууда.
Бүгүнкү күндө координация борборунда 20 ыктыярчы иштеп жатат. Санариптик технологиялардын жардамы менен алардын көпчүлүгү үйдө иш алып барууда. Координаторлордон тышкары, аскерлер дарыгерлерге дары-дармектерди жеткирип, ооруканаларга жана стационарларга керектүү жабдууларды алып барып берүүдө. Жакынкы күндөрү сайтты учурда өкмөт тарабынан иштелип жаткан мамлекеттик порталга кошуу иштери да колго алынат.