Орундуктар электрондук системага киргизилет - Кыргызстан жаңылыктары
Новость KTRK/videograp

Бишкектеги ар бир медициналык мекемеге бекитилген Өкмөт мүчөлөрү ошол ооруканадагы ар бир маселени ийне-жибине чейин билип, аларды чечип берүүгө тийиш. Ал тургай кураторлор керек болсо күнү-түнү туруп, дарылоого муктаж жарандарды ооруканага жаткырууга милдеттүү. Муну айткан премьер-министр медициналык мекемелерге бекитилген Өкмөт мүчөлөрүнө катуу тапшырмаларды берди.

 Буга чейин медициналык мекемелерди, андагы бош орундарды координация кылуу үчүн маалыматтык система иштеп чыгуу тапшырмасы берилген. Тутумду ишке киргизүүнү тездетүүнү талап кылган Премьер-министр тийиштүү мамлекеттик органдардын бул багыттагы иши солгун экенин айтып, сынга алды. Ошондой эле кошумча орундарды даярдоо маселеси боюнча бир катар жетечилерге катуу эскертүү берилди.

Сыркоолоп ооруканага барган ар бир жаран көңүл буруусуз калбаш керек. Бул үчүн эмгек өргүүдөгү медицина кызматкерлеринин ишке чыгаруу зарыл-деди Өкмөт башчы.

Аймактык дарыгерлер калкка оорунун өтүшү, пневмониянын өрчүшүнө жол бербей дарылоо тууралуу маалымдоо иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилди.