Эл аралык донорлордун каржылоосу менен калк саламаттыгына багытталган долбоорлор ишке ашырылууда. Учурдагы эпидемиологиялык кырдаалда бул эң зарыл чаралардын бири.
15-июлда дем алдыруучу аппарат, дары-дармек, тез жардам унаалары алып келинээри күтүлүп жатат. Дары-дармектер менен коргонуучу каражаттар дагы сатылып алынат. Ошондой эле санитардык-карантиндик аймактарды бекемдөө, ооруканалардын абалын жакшыртууга да каражат бөлүнөт.
Өкмөт өкүлү бейтаптарды өз алдынча дарыланбоого чакырды. Айрым күчтүү дарыларды колдонгон бейтаптар сакайгандын ордуна абалы оорлошуп кеткен.
Мындай талап ооруканаларда өзгөчө сакталышы шарт. Кабыл алынган эрежеден сырткары дарылоо жүргүзүлсө медицина кызматкерлеринин жоопкерчилиги каралат.