Коронавирустан 102 бейтап айыгып чыкты
Новость www

Кыргызстанда сутка ичинде 102 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди. Акматованын айтымында, Бишкек шаарынан 40, Чүй облусунан 12, Ош облусунан 11, Ош шаарынан 11, Баткен облусунан 11, Жалал-Абад облусунан 9, Нарын облусунан 5, Ысык-Көл облусунан 1, Талас облусунан 2 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Республика боюнча бүгүнкү күнгө карата жалпы 3236 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Алардан кайталап анализ алганда жыйынтыгы терс чыккан.