127 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды
Новость

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 127 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды:

 

Бишкек ш. – 51



 Чүй облусунда – 44



 Ош ш. – 12



 Ош облусунда – 4



 Баткен облусунда – 7



 Ысык-Көл облусунда – 5



 Талас облусунда – 3



 Жалал-Абад облусунда – 1



Ал эми стационарлардан сутка ичинде 6 медкызматкер айыгып чыгарылды.



Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 1656 учур катталды, алардын ичинен 552 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.