Күндүзгү стационарлар тынымсыз иштөөдө - Кыргызстан жаңылыктары
Новость

150 орундуу күндүзгү стационарда күнүнө 900дөй бейтап медициналык жардам алууда. Ушул жерде ак халатчан алтымыштай кызматкер шаар тургундарынын саламаттыгына кам көрүп жатышат. Дарылоо саналуу күндө натыйжа бере баштады.

Бейтаптар келип-кетип дарыланып жаткан жайларга дезинфекциялоочу тоннель, электрондук кезекти камсыз кылган жабдуулар орнотулган. Бул жагынан ишкерлер, маселеге кайдыгер карабаган жарандар жардам берүүдө. Жүздөгөн керебеттерди болсо Өзгөчө кырдаалдар министрлиги берген.