Өлкөдө эпидемиологиялык абал оор бойдон калууда - Кыргызстан жаңылыктары
Новость KTRK/videograp

Өлкөдө эпидемиологиялык абал оор бойдон калууда. Соңку сутка ичинде коронавирус жуктурган 488 жаңы учур катталып, 73 бейтап сакайып ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди. Айтымында, эпидемия башталгандан бери жугуштуу илдетке чалдыккандардын саны 11 миңден ашып, 147 бейтап кайтыш болду. 



Бүгүн №1 шаардык клиникалык ооруканасында дарыланып жаткан 20дан ашык бейтап ооруканадан чыгарылды. Алардын көпчүлүгү пневмониянын жана коронавирустун жеңил түрү менен ооруп, илдетти жеңип чыгышты. Эми алар үй карантинде болуп, дарылануусун улантышат.

Соңку сутка ичинде коронавирус жуктураган 15 бейтап көз жумду. Тилекке каршы анын бешөө медицина кызматкери. Республика боюнча, кооптуу илдеттен каза болгондордун жалпы саны 147ге жетти. Маалыматка караганда, Кыргыз-түрк “Достук” ооруканасынан - 4 киши, Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынан - 2 бейтап, Ак-Талаа аймактык ооруканасынан - 1 адам, Ат-Башы аймактык ооруканасынан - 1 киши, Жайыл аймактык ооруканасынан - 5, Кадамжай аймактык ооруканасынан - 1, Лейлек аймактык ооруканасынан - 1 бейтап жугуштуу илдеттен каза тапты. 


Ошондой эле, акыркы бир күндүн ичинде 125 ак халатчандан коронавирус аныкталды. Сегиз дарыгер айыгып чыкты. Республика боюнча, коронавирус жуктуруп алган медицина кызматкеринин жалпы саны 1781ге жетти. Алардын 560ы айыгып чыкты.