Бишкек шаарында эки түнкү стационар ачылат. Азыркы учурда түнкү бейтапканалар медициналык персонал менен камсыздалууда. Маселени Президент Премьер-министр Кубатбек Боронов менен болгон онлайн кеңешмеде талкуулады. Өкмөт башчы соңку күндөрү суроо-талап жогорулаган бир катар дары-дармектер жана медициналык каражаттар өлкөгө келгенин билдирди. Ошол эле учурда дары-дармек жетишсиздигин чечүү маселеси Кыргызстандын дипломатиялык мекемелери аркылуу чечилип жатат-деди Боронов.
Онлайн кеңешмеде өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу боюнча чаралар талкууланды. Кубатбек Боронов коронавирус инфекциясынын мындан ары шаарлардын, облустардын жана райондордун аймагына жайылышына жол бербөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Ал бүгүнкү күндө негизги эки көйгөй катары дары-дармектер боюнча кырдаалды жана медициналык адистердин жетишсиздигин атады.
Өкмөт башчы дары-дармек таңсыктыгын чечүү максатында чет өлкөлөрдөгү элчиликтер аркылуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын маалымдады. Аны менен катар жарандар тарабынан жогорку суроо талапка ээ болгон дарылар алынып келгенин билдирди. Ал эми дарыгер тартыштыгын чечүүдө колдо болгон мүмкүнчүлүктү толук колдонуу керек экенин өлкө башчысы белгиледи.
Кубатбек Боронов күндүзгү стационарлардын иштеринин натыйжалуулугун, азыркы тапта бардык муктаждар медициналык жардамды жана кеп-кеңештерди өз маалында алып жатканын айтты. Күндүзгү стационарларды ачуу боюнча мындай иштер өлкө аймактарында дагы каралып жаткандыгын билдирди. Эпидемиологиялык кырдаал курч болуп жаткан Бишкек шаарынын аймагында эки түнкү стационар ачыла турганын айтып, азыркы учурда дарыгерлер менен камсыздоо жүрүп жатканына токтолду.