"Семетей" обсервациясындагы жандандыруу бөлүмүндө түзүлгөн шарт адам өмүрүн сактап калууга жардам берет. Мындай пикирин Премьер-министр Кубатбек Боронов бул жайдагы шарт менен таанышкандан кийин билдирди.
Жаңы реанимациялык бөлүм оор абалдагы 50 адамды кабыл алууга даяр. Эң алдыңкы деп эсептелген техника менен жабдылган.
Мында 40 дарыгер 4 нөөмөттө иштейт. Алар реанимологдор, клиникалык ординаторлор. Өкмөт башчы жандандыруу бөлүмү, анын иштөө тартиби менен таанышты. Дарыланып жаткандардын коопсуздугу үчүн ичине кирүүгө уруксат берилген жок. Кубатбек Боронов дарыгерлер менен сүйлөшкөндө зарыл болсо кошумча күчтөр тартылаарын айтты.
Ошондой эле дагы интенсивдүү терапияга 400 орундуу палаталар ачылат. Ал үчүн Коргонуу иштери боюнча мамлекеттик комитеттин балансындагы эки кабаттуу 6 имаратка капиталдык ремонт жасалып жатат. Дарыгерлердин айтуусунда, анда оор абалдагы бейтаптар дарыланат.