Бир сутка ичинде өлкө боюнча 94 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды:
Бишкек ш. – 26
Чүй облусунда – 39
Ош ш. – 14
Жалал-Абад облусунда – 9
Баткен облусунда – 6
Ал эми бир суткада 10 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 1875 учур катталды, алардын ичинен 570 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.