Коронавирус: Талас облусунда 251 дарыгер иштеп жатат
Новость

“Талас облусунда 251 дарыгер иштеп жатат, дагы 107 дарыгер жетишпейт. Ошого карабастан, дарыгерлерибиз күнү-түнү иштеп, болгон күч-аракеттерин көрсөтүп жатышат. Алардын айлык-акылары убагында төлөнүп берилүүдө. Биз медицина кызматкерлерин сакташыбыз керек, мен бардык дарыгерлерге ыраазычылык билдирем”, - деп билдирди КР Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев.