Талас облусунда күндүзгү стационарларда 661 керебет даярдалды
Новость

“Талас облусунда күндүзгү стационарларда 661 керебет даярдалган. Бир күндө 1554 адам дарыланып кетүүдө. Ошондой эле 9 рентген аппараты иштеп жатат. Элге түшүндүрүү иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө, акыркы убакта пневмония илдети күчөп кеткендиктен, эл өзү дагы сак болуп 90 пайызы беткап кийип жүрүүгө өттү. Көпчүлүгү үй шартында дарыланбастан, күндүзгү стационарларга келишүүдө”, - деп билдирди КР Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев.

Анын айтымында 8-июлдан баштап Талды-Булак постуна айрым чектөөлөр киргизилген, аймактар аралык такси кызматтары токтотулуп, мал базарлар убактылуу эки жумага жабылган.