Бишкекте беш менчик лабораторияда иммундук-ферменттик анализ алына баштады
Новость www

Бишкекте беш менчик лабораторияда иммундук-ферменттик анализ ыкмасы менен анализ алына баштады. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде маалымдады. 

Айтымында, бул тест аркылуу адамдын организминде коронавирустун бар экенин же өтүп кеткенин билүүгө болот. "Мындай тесттер Бишкектеги "Бонецкий", Auqalab, Human, "Интермедикал" жана Eurolab менчик лабораторияларында жүргүзүлөт. Алар Санитардык жана эпидемиологиялык көзөмөл борборунун уруксатын алышкан. Буга чейин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен калктын канча пайызы коронавирус жугузганын билүү максатында элди беш топко бөлүп текшерүү тууралуу сүйлөшкөнбүз. Өлкөнүн бардык облустарында бул иш-аракеттер башталды", — деди Акматова. 

Ал сасык тумоо же коронавирустун белгилери байкалган адамдарды ИФА (иммуноферменттик анализ) тапшырууга барбай кое турууга чакырды. Ошондой эле коронавирус жуктурган адам менен акыркы 14 күндө байланышта болгондор дагы иммундук-ферменттик анализ тапшырбай кое турушу керектигин кошумчалады.