Дарыгерлерге акысыз байланыш уюштурулду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, уюлдук компаниялардын бири күндүзгү стационарларда иштеген медицина кызматкерлерин акысыз байланышка кошуп баштады. Дарыгерлер нөөмөт менен иштеп күндүз иштеп, түнкүсүн мейманканада калып жатышкандыктан алар сапаттуу байланыш жана интернет менен камсыз болушту.
Ошондой эле,башка уюлдук операторлор дагы медицина кызматкерлеринин тизмеси түзүп жатшат алар да дарыгерлерге акысыз байланыш түзүп берүүгө даяр.