Коронавирус жуктурган 139 жарандын абалы оор
Новость www

Коронавирус жуктурган 139 жарандын абалы оор, 18 бейтап жандандыруу бөлүмүндө. Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдиргендей, стационарларда 645 бейтап дарыланууда. 

Алардын 139у оор абалда, 404ү орто оор жана 102си канааттандырарлык абалда. Ал эми 18 жаран жандандыруу бөлүмүндө.