Баткен облусуна 20 кычкылтек концентратору берилди - Кыргызстан жаңылыктары
Новость

Баткен облусуна 20 кычкылтек концентратору берилди. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, өкмөт тарабынан облустун саламаттыкты сактоо мекемелерине 20 кычкылтек концентратору берилди. 

Бул аппараттар облустун район шаарларына муктаждыкка жараша бөлүнүп берилди. Буга чейин облуста өпкөнү жасалма дем алдыруучу 42 аппарат, 134 кычкылтек концентратору бар болчу.