Коронавирусту дарылоого керек дарылар тандалып алынды
Новость www

Сегиз дары-дармек коронавирусту дарылоодо колдонууга тандалып алынды. Бул тууралуу Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментинин директору Гүлмира Шакирова билдирди.Анын айтымында, бүгүнкү күндө коронавируска каршы колдонуучу дары каражаттардын тизмеси түзүлүүдө. Жаңы тизме 56 позициядан турат.

Алардын ичинен 8 дары тандалып алынды. Бирок учурда алар жетишсиз болууда. Алар: клексан, фраксипарин, фленокс, гепарин, эниксум жана башка дары каражаттары. 

Бул дарыларга суроо талап жогору болгондуктан 11-июлга чейин клексан дарысынан 420 таңгагы келди, фленокстонн 1,5 миң таңгак, гепариндин 15 миң таңгагы Кыргызстанга келген. 

Бирок келгенде эле сатылып кеткен. Ал эми 14-июлда 3,5 миң таңгак клексан дарысы келген. Кечээ эниксумдун 460 таңгагы келди. Шакирова билдиргендей 20-июлга чейин фраксипариндин 5 миңден ашык таңгагы, 1 миң таңгактан эноксапарин, клексан жана 15 миң таңгак гепарин алынып келет.