“Республикадагы эпидемиялык абалдын кесепетин жеңилдетүүгө өз күчтөрүн жумшаган жеке бизнес жана жарандык активистер менен бир катар
мамлекеттик компаниялар да медициналык мекемелерге жана калктын аярлуу катмарына колдон келген жардамын жана колдоосун көрсөтүп жатат”, - деп билдирди КР Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы Жылдызбек Исакулов.
Анын айтымында ӨК жарыяланган учурдан тартып мамлекеттик компаниялар акча каражаттарын КР Саламаттыкты сактоо жана Социалдык өнүгүү министрликтердин эсептерине которуп берди. Мамлекеттик компаниялар акысыз байланыш, транспорт, медициналык кызматкерлерге жеке коргонуу каражаттарын, дезинфекциялоочу каражаттарды жергиликтүү органдарга өткөрүп жана муктаждыктагы жарандарга азык-түлүк продуктуларын таратып беришкен.
-"Манас" эл аралык аэропорту ААК - керектүү жабдуулары менен камсыздалган 50 орундуу стационарды аэропорттун аймагындагы жайгашкан спорт залды кайра профилдөө боюнча чараларын кабыл алууда. Бир жуманын ичинде бул стационар орулууларды кабыл алып баштайт.
-Кыргызнефтегаз - Кочкор-Ата шаарында спорт зал жана өз профилакториясынын базасында врачтарды тартуу менен керектүү жабдууларды жана медикаменттерди камсыздоо менен 100 орундуу станционарды уюштурду. Андан тышкары, Кыргызнефтегаз жакынкы убакытта Кочкор-Ата шаардык ооруканага ИВЛ аппараттарды жана Жалал-Абад областтык ооруканага кислороддук концентраторлорун алып берет.
-«Кыргызалтын» ААК - борбордук медиктерге региондордон жардамга келишкен 65 дарыгерлерди тамак ашы менен жатаканасын камсыздады.
-«УК «Кыргыз темир жолу» Мамлекеттик ишканасынын алдындагы оорукана covid-19 жана пневмония оорусу менен ооруларды кабыл алууда.
-«Айыл Банк» кислороддук концентраторлорду жана жеке коргонуу каражаттарын сатып алып Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүп берди. Мындан тышкары, коргонуу каражаттары жана медикаменттер түрүндө Санатбаев атындагы спорт мектеп имаратындагы 150 орундук күндүзгү станционарга жардам көрсөтөт.
-РСК Банк регионалдык ооруканаларга медициналык жабдууларды жана ИВЛ аппараттарын сатып алууга каражаттарды бөлүп берди.
-Мегаком мобилдик оператору тарабынан медициналык кызматкерлерге, мектептердин мугалимдерине жана окуучуларына акысыз байланыш түрүндө жардам көрсөттү, ошондой эле 50 кислороддук концентраторлорду алып берди.
Ошондой эле 60 орундуу стационар бир жумалык мөөнөттө уюштурулат.
-Кыргызтелеком компаниясы онлайн режимде оорунун дартын эрте аныктоо, калкка консультация берүү үчүн 40 телефон аппараттары менен
“118” тынымсыз байланышын” уюштурду.
Видеоконференция режиминде кеңешмелерди уюштуруу үчүн Коронавирус менен күрөшүү боюнча штабга акысыз интернет берди.
-«Инфоком» мамлекеттик ишканасы Бишкек шаарындагы Кулатов көчөсүндөгү стационарды дары-дармектер менен бүгүнкү күндө камсыздоодо.
Мындан тышкары калкты тейлөө борборлорунда санитардык нормалар боюнча талаптар күчөтүлдү.