Кыргызстанда эпидемиологиялык абал оор бойдон калууда. Өткөн сутка ичинде коронавирустан 11, пневмониядан 74 адам каза болду. Акыркы суткада Ковид-19 дагы 439 адамдан аныкталып, ооруга чалдыккандардын саны 11 миң 977ге жетти. Ошол эле учурда коронававирусту дарылоодо колдонууга дары-дармектин сегиз түрү тандалып алынды.