Бир сутка ичинде өлкө боюнча 96 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды:
Бишкек ш. – 42
Чүй облусунда – 18
Ош ш. – 7
Ош облусунда – 4
Жалал-Абад облусунда – 5
Баткен облусунда – 5
Ысык-Көл облусунда – 9
Талас облусунда – 6
Ал эми бир суткада 7 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 2076 учур катталды, алардын ичинен 583 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.