Карындашын тиш салган иттен куткарып калды
Новость

АКШнын Вайоминг штатында алты жаштагы Бриджи Уокер карындашын тиш салган иттен куткарып калды. Бул тууралуу Уокердин тайэжеси Instagram баракчасына жазып чыкты. 9-июлда анын жээни көчөдө сейилдеп жүргөн маалда, карындашын көздөй чуркап келе жаткан коңшунун итин көрүп калат. 

Бриджи Уокердин айтуусунда, “эгер кимдир бирөө өлүшү керек болсо,анда ал адам мен болом”, - деген ойдо карындашын коргоп ит менен кармашат. Жыйынтыгында бетинен жаракат алган. Учурда абалы туруктуу. 

Алты жаштагы баланын бул эрдиги бүтүндөй америкалыктарды суктандырды.